Бишкекте соңку 3,5 жылда самокат кырсыктарынан 300гө жакын адам жабыркады
Бишкекте жеке мобилдүүлүк каражаттарынын катышуусундагы жол-транспорт кырсыктары 2023-жылдан бери катталып келет. Бул тууралуу шаардык кеңештин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникация жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында Кайгуул күзөт кызмат башкармалыгынын (КККБ) өкүлдөрү билдиришти.