- В Москве прошла встреча между Национальной академией «Манас» и Центром восточной литературы Российской государственной библиотеки.
- Подписан меморандум о сотрудничестве, направленный на развитие долгосрочного партнерства в науке и культуре.
- Академия передала библиотеке ценные издания, включая книгу «Сорок чоро хан Манаса».
- Манасчы Рысбай Исаков исполнил отрывок из эпоса «Манас».
- Встреча рассматривается как шаг к популяризации кыргызского духовного наследия на международном уровне.
«Манас» улуттук академиясы менен Россия мамлекеттик китепканасынын Чыгыш адабияты борбору ортосундагы маданий алакаларды чыңдоого багытталган маанилүү жолугушуу Москва шаарында болуп өттү.
Жолугушууга «Манас» улуттук академиясынын президенти Назира Аалы кызы жана Россия мамлекеттик китепканасынын Чыгыш адабияты борборунун жетекчиси Марина Меланьина кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду.
Академиядан билдиришкендей, бул келишим илим, маданият тармагында узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Орусияда «Манас» эпосун жайылтууга багытталган.
Жолугушуунун алкагында «Манас» улуттук академиясы тарабынан жарык көргөн бир катар баалуу эмгектер китепканага белекке тапшырылды. Алардын арасында жакында эле басылып чыккан «Сорок чоро хан Манаса» аттуу китеп өзгөчө кызыгууну жаратты. Китепкана өкүлдөрү бул эмгекти кыргыз элинин бай руханий мурасын чагылдырган баа жеткис эмгек катары жогору баалашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө КР эл артисти, белгилүү манасчы Рысбай Исаков «Манас» эпосунан үзүндү айтып, өзгөчө руханий маанай тартуулады. Манасчынын көркөм айтуусу меймандарды суктандырып, эпостун тереңдиги менен көркөм дүйнөсүнө дагы бир ирет баа берүүгө өбөлгө түздү.
Жолугушуунун соңунда коноктор Россия мамлекеттик китепканасынын Чыгыш адабияты борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып, келечектеги биргелешкен долбоорлор боюнча ойлорун бөлүшүштү. Бул жолугушуу кыргыз руханий мурасын эл аралык деңгээлде даңазалоого багытталган дагы бир маанилүү кадам катары бааланды.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий