Кыргызстандык балбандар Монголиядагы рейтингдик мелдеште 5 медаль утту
Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өтүп жаткан «Open Ulaanbaatar» рейтингдик мелдешинин алгачкы күнүндө Кыргызстандын курама командасы 5 медаль багындырды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.