Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2026-жылдын 28-июлунда милицияга Кара-Суу районунун тургуну кайрылган.

Арыз ээсинин айтымында, 27-марттан 21-майга чейин шектүү анын ишенимине кирип, уулун кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу маселесин чечип берүүнү убада кылган. Бул үчүн ал акчаны тиешелүү органдын кызматкерлерине өткөрүп берем деп 552 миң сом алган.

Бирок милициянын маалыматы боюнча, ал убадасын аткарган эмес, ал эми алган акчаны өз керектөөлөрүнө жумшап жиберген.

Текшерүү учурунда укук коргоочулар шектүүнүн өздүгүн аныкташкан. Ал Ош облусунун 1986-жылы туулган М.З. аттуу тургуну болуп чыкты. Милициянын маалыматына караганда, ал буга чейин Россияда каракчылык үчүн соттолгон жана алдамчылык фактылары боюнча бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Фото Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы. Ошто жарым миллион сомду алдаган жаран кармалды

15-августта М.Зга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгону кабарланды.

Шектүү кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.