Бишкекте 25 миңге чукул бала кабыл алынды. Анын ичинде 13,2 миң орун кыргыз тилинде окуткан класстарда, 11,7 миңге чукулу орус тилинде окуткан класстарда ээленди. Борбор калаада 1,5 миң орун бош турат.

Республика боюнча 2026/2027-окуу жылына карата квоталардын жалпы саны — 193,3 миң. Дагы 59 миң орун бош.

Биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Биринчи этап микроучасток боюнча жүргүзүлсө, учурда каттоодо турган жери боюнча эмес, бош орундар калган мектептерге гана катталууга болот.

4-августтан 5-сентябрга чейин кабыл алынган балдардын ата-энелери мектепке төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

ден соолугунун абалы тууралуу медициналык маалымкаттын түп нускасы;

алынган эмдөөлөр (прививкалар) тууралуу медициналык маалымкаттын түп нускасы.