ЖКККББнын алдын ала маалыматы боюнча, эң көп категорияны ЖЭКтин башка эреже бузуулары түздү — 21 миң 172 учур.

Мындан сырткары, бир жума ичинде төмөнкүлөр катталды:

транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 5 миң 865;

белгиленген ылдамдыктан ашыруу — 2 миң 129 учур;

жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда ЖЭКти бузуу — 1 миң 942;

тиешелүү документтери жок автоунааны башкаруу — 1 миң 3 факт;

мас абалында транспорт каражатын башкаруу — 534 учур;

айнектерди мыйзамсыз караңгылатуу — 288 факт;

жасалма мамлекеттик каттоо номерлери бар автоунааларды башкаруу — 19 учур.

ЖЭКтин түрдүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 миң 552 транспорт каражаты атайын айып токтотуучу жайларга токтотулду.

ЖКККББ айдоочуларды, жөө жүргүнчүлөрдү жана жол кыймылынын башка катышуучуларын эрежелерди сактоого, жоопкерчиликтүү болууга жана бири-бирине сый-рмат менен мамиле кылууга чакырды.

«Жол кыймылынын эрежелерин сактоо — жолдогу коопсуздуктун негизи», — деп белгилешти ведомстводон.