Жолугушуунун күн тартибинде — азык-түлүк буудайын туруктуу жеткирүүнү камсыздоо, Казакстандын аймагы аркылуу орусиялык данды транзиттөө, минералдык жер семирткичтерди жеткирүү, ошондой эле айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдө, санариптештирүүдө жана асыл тукум мал чарбачылыгында кызматташууну өнүктүрүү маселелери каралды.

Министрлер күч-аракеттерди бириктирүүгө жана Кыргызстан менен Казакстандын агрохолдингтери менен биргеликте азык-түлүк буудайын жеткирүү маселесин иштеп чыгууга даяр экендиктерин белгилешти.

Кыргыз тарап ошондой эле Казакстан аркылуу орусиялык дандын үзгүлтүксүз транзити үчүн чечимдерди табууну сунуштап, казак буудайын сатып алууну кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Мындан сырткары, тараптар айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө инвестиция тартуу, логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, айыл чарбасын санариптештирүү жана асыл тукум мал чарбачылыгы боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер мындан аркы координациялоого жана конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.