- Министерство сельского хозяйства КР предлагает продлить запрет на экспорт крупного рогатого скота, лошадей, овец и коз.
- Действующий запрет истекает 8 сентября 2026 года.
- Причина продления: сохраняющиеся риски для продовольственной безопасности и рост цен на мясо на внутреннем рынке.
- Запрет не распространяется на спортивных лошадей, племенных овец, экспортируемых через «Кыргыз Агрохолдинг», и лошадей, вывозимых воздушным транспортом.
Соңку ирет Минкаб ири мүйүздүү малды, жылкыларды, кой-эчкилерди сыртка чыгарууга коюлган тыюуну 2026-жылдын мартында алты айлык мөөнөткө узарткан. Бул мөөнөт 8-сентябрда аяктайт.
«Ошол эле учурда ички рыноктогу мониторингдин жыйынтыгы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна жана эт азыктарынын рыногундагы баалардын туруктуулугуна терс таасирин тийгизе турган факторлор дагы эле сакталып жатканын көрсөтүүдө. Мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чараларга карабастан, ички рынокто сунушталган эттин көлөмү калктын этке болгон муктаждыгын жеткиликтүү баада туруктуу камсыздоо үчүн зарыл болгон жетиштүү запасты түзүүгө толук мүмкүнчүлүк бербей жатат. Ички рынокто эттин айрым түрлөрүнө баанын өсүшү уланууда. Убактылуу тыюу салуу аяктаган учурда, ири мүйүздүү малды, жылкыларды, кой-эчкилерди тирүү малдын сатып алуу баасы КРнын ички рыногундагы баалардан жогору болгон мамлекеттерге чыгаруунун көлөмү көбөйүшү мүмкүн»
, — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.
Убактылуу тыюуну кезектеги алты айлык мөөнөткө сактоо өлкө ичинде мал жандыктарды керектүү баш санын кармап турууга, ата мекендик кайра иштетүүчү ишканаларды сырьё менен камсыз кылууга, ички рынокто эт сунушунун жетиштүү деңгээлин колдоого, баалардын негизсиз өсүш тобокелдиктерин азайтууга жана республика калкынын кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет деп эсептейт Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги.
Эскерте кетсек, тыюу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
Мелдештерге катышуу үчүн спорттук жылкыларга;
Чет мамлекеттерге, эл аралык уюмдарга же айрым жарандарга белекке берилүүчү жылкыларга;
«Кыргыз Агрохолдинг» ААК мамлекеттик оператору тарабынан экспорттолуучу асыл тукум койлорго, ошондой эле КР аймагында багылып өстүрүлбөгөн тирүү малга;
Аба жолу аркылуу чыгарылуучу жылкыларга;
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий