Кеңсенин ачылышы инфраструктуралык зарылчылыктарды камсыздап эле тим болбой, өндүрүштүк өтө маанилүү талаптарды да аткарат. Алсак бул кеңседе бирдиктүү өндүрүш тутуму жөнгө салынат, илимий-техникалык жумуштар жүргүзүлөт жана кардарларга кызмат көрсөтүү менен кошо соода-сатык иштери аткарылат.
«Мындай өндүрүш Кыргыз Республикасында жок. Башкача айтканда, импортту алмаштыруучу өндүрүш болуп эсептелет. Дагы бир өзгөчөлүгү — экологиялык таза продукцияны өндүрүүгө өбөлгө түзөт. Себеби бул жерде химия жок, органикалык-минералдык жер семирткич чыгат», — дейт заводдун директорунун кеңешчиси Абдыжапар Бегматов.
Анын айтымында, даяр болгон административдик имараттын ролу абдан чоң. Ушул жерде лаборатория да болот. Азыр лабораториянын керектүү жабдыктары келип, куруу-монтаждоо иштери жүрүп жатат.
Өндүрүлгөн продукциянын баары ушул лабораториядан өтүп, анан мамлекеттик стандарттын талаптарына жооп берсе гана сатууга чыгарылат.
Дагы бир өтө маанилүү функциясы — лабораторияда жер кыртышына толук кандуу анализ жасоого болот. Кайсы жерге канча азот, канча фосфор же канча калий жетишпей турганы аныкталып, ошого жараша жер семирткич чыгарылат. Ар бир жердин өзүнө ылайыктуу жер семирткичи болот. Базардан эле азот, карбомид же фосфорду алып, чача берген болбойт. Жерге кайсыл элемент керек, кандай жетишсиздик бар — ошол менен камсыздалат. Бул негизги талаптардын бири.
Андан сырткары негизги максатыбыз — жер кыртышынын түшүмдүүлүгүн калыбына келтирүү. Заводдун директорунун кеңешчиси Абдыжапар Бегматов
Андан сырткары негизги максатыбыз — жер кыртышынын түшүмдүүлүгүн калыбына келтирүү.
«Буга чейин жер семирткич өзүбүздө өндүрүлбөгөн үчүн башка жактардан түркүн жер семирткичтерди алып келип, жердин структурасын, сапатын бузуп алдык. Биз биринчи кезекте топурактын асылдуулугун, сапатын нормалдаштырышыбыз керек. Ошондон кийин гана жерден түшүм талап кылсак туура болот. Мунун баары ишке киргенде, биринчи линияда 100 миң тонна жер семирткич чыгат. Жылдын аягына чейин дагы ушундай эки линия ишке түшөт. Буюрса, жыл соңуна чейин 300 миң тонна чыгара турган линия курурлуп бүтүп, кийинки жылдан баштап бир жылда 300 миң тонна жер семирткич өндүрүүгө киришебиз»
, — деп белгиледи кеңешчи.
Соңку жылдары Кыргызстан өзүн-өзү дан азыктары менен толук камсыздоого умтулууда. Өздүк өндүрүш бул жагынан дыйкан-фермерлерге колдоо көрсөтүүнү көздөйт.
Заводдун адистери бул долбоор Кыргызстандын жергиликтүү шарттарына ылайыкташтырылып, айыл чарбасынын муктаждыктарына так багытталганын айтышат.
Мындан сырткары ал айыл чарбасын заманбап, интенсивдүү жана жогорку деңгээлге көтөрүүгө салым кошот. Аны менен катары завод Кыргызстан эле эмес, жалпы чөлкөм үчүн маанилүү өндүрүшкө айланмакчы.
«Президентибиз Садыр Нуркожоевичтин саясатынын бир багыты — инвесторлор менен кызматташуу. Ошонун алкагында жасалып жаткан иштин бири ушул. Дыйкандарыбызга, фермерлерибизге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турган чоң долбор экенин тааныштырышты. Облус башчыбыз дагы болушунча колдоосун көрсөтүп жатат. Жумуш орду тууралуу эле айта турган болсок, 3 миң киши иш менен камсыз болот деп түшүндүрүп беришти. Мындан сырткары дагы пайдалуу жактары арбын», — деди президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев.
Фото ишкананыкы. Өндүрүш ишке киргенден кийин биринчи технологиялык линия жылына 100 миң тонна жер семирткич өндүрөт
Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн сырктары Айыл-чарба министрлигинин, «Кыргыз-Кытай инвестициялык палатасы» юридикалык жактардын бирикмесинин өкүлдөрү жана франшизаны алгачкылардан болуп алган өнөктөштөр катышып, аларга атайын сертификаттар тапшырылды.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий