- Из озера Иссык-Куль извлечено 7,3 км незаконных синтетических рыболовных сетей
- Собрано 130 кг бытового мусора
- Рейды проводятся в рамках указа президента №131 от 26 апреля 2022 года
- Цель - улучшение экологического состояния озера и сохранение биоразнообразия
Маалыматка ылайык, рейддер Президенттин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 131 жарлыгын аткаруунун алкагында өткөрүлүп, көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга, биоар түрдүүлүктү сактоого, булгануунун алдын алууга жана мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөшүүгө багытталган.
Ведомстводон көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу жана анын жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн мындай рейддик жана текшерүү иш-чаралары үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турарын ишендиришти.
Эске салсак, ушул жылдын апрель айында Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылып, Ысык-Көл облусунда синтетикалык балык уулоочу торлорду колдонуудан баш тартууга жана аларды ИИМ, ӨКМ жана Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматкерлерине өз ыктыяры менен тапшырууга чакырган. Мамлекет башчысынын айтымында, мамлекеттик кызматтардын жыл бою жүргүзгөн иштерине карабастан, акыркы беш жылдан бери көлдү мындай торлордон толугу менен тазалоо мүмкүн болбой келет.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий