- Начались первые клинические испытания вакцины против штамма Бундибугио вируса Эбола.
- В первой фазе участвуют 50 здоровых взрослых, проверяется безопасность и иммунный ответ.
- Индийский институт сыворотки произвел около 620 тысяч доз экспериментальной вакцины.
- Вакцина основана на платформе аденовируса шимпанзе, как и некоторые вакцины от COVID-19.
- ВОЗ повысила уровень угрозы Эболы до 'очень высокого' на национальном уровне и 'высокого' на региональном.
Фото иллюстрациялык. Эбола безгегине каршы вакцинанын алгачкы сыноолору башталды
Сыноонун биринчи этабына 50 дени сак чоң адам катыша турганы такталды. Тест учурунда адистер вакцинанын коопсуздугун жана сыноодон өтүп жаткандардын иммундук реакциясын текшеришет. Индиянын сыворотка институту вакцина натыйжалуу болуп чыкса, сыноонун кийинки этаптарын жана өзгөчө кырдаалдарда колдонулушун күтүү менен эксперименталдык вакцинанын 620 миңге жакын дозасын чыгарып, топтоп койду. Биринчи фаза үчүн препараттын 4 миң дозасы даярдалган.
COVID-19 учурундагыдай эле, Бундибугио штаммына каршы вакцина үчүн шимпанзе аденовирусунун негизиндеги платформа колдонулат.
Африканын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун башкы директору Жан Касеянын айтымында, вакцина натыйжалуу болуп чыккан күндө да, ал Эболанын азыркы жайылышынын нугун өзгөртө албайт. Препарат келечектеги эпидемияларга каршы күрөшүүдө кыйла натыйжалуу каражаттарды даярдоо үчүн керек.
Конго бийлиги 15-майда Эбола безгегинин жайылып баштаганын жарыялаган. Ооруну биринчи жолу 2007-жылы Угандада аныкталган Эбола Бундибугио вирусу козгогон. Азыркы эпидемиянын очогу өлкөнүн чыгышындагы Итури провинциясы болуп саналат, ошондой эле Түндүк жана Түштүк Киву провинциялары да жабыркаган.
22-майда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Эбола безгегинин коркунуч деңгээлин улуттук деңгээлде «өтө жогору», аймактык деңгээлде «жогору» деп көтөрдү. Уюмдун баалоосу боюнча, глобалдык деңгээлде коркунуч азырынча «төмөн».
Эболанын эң өлүмгө дуушар кылган очогу 2014-2016-жылдары Батыш Африкада катталган. Ал кезде 11 миң 300дөн ашык адам каза болуп, жуктургандардын саны 28 миң 600дөн ашкан.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий