- 842 человека и 56 единиц техники задействованы в ликвидации последствий селя
- 250 спасателей из МЧС привлечены к работам
- 466 дворов, 76 жилых домов и социальные объекты подтоплены
- Введен режим ЧС III степени
- Министр ЧС Канатбек Чыныбаев контролирует восстановительные работы
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кырсык болгон жерде куткаруучулар, мамлекеттик органдардын жана жарандык коргонуу кызматтарынын кызматкерлери иштеп жатышат. Тилсиз жоонун кесепеттерин жоюуга ӨКМдин Ош жана Жалал-Абад облустук бөлүмдөрүнөн, ошондой эле республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 250 куткаруучу тартылган. Алар сууну сордуруп, аймактарды сел калдыктарынан тазалоодо, ошондой эле сел өтүүчү каналдарды кеңейтип, тазалап жатышат.
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев кырсык болгон аймакта жүрөт жана калыбына келтирүү иштерин көзөмөлдөөдө. Эске салсак, Ноокен районунда сел жүргөндөн кийин III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, 466 короо-жай, 76 турак үй, ошондой эле социалдык жана ишкердик инфраструктуралык объекттер суу астында калган.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий