Жеринде Транспорт министрлигине караштуу № 31 жол-эксплуатациялык ишканасынын кызматкерлери тазалоо иштерин ыкчам жүргүзүштү.

Саат 4.00гө чейин жол кызматтары атайын техниканы тартуу менен селден жабыркаган тилкелерди толугу менен тазалап, жолду коопсуз пайдаланууга даярдашты. Саат 6.00дөн тарта аталган тилкеде унаалардын кыймылы эки тарапка тең толугу менен калыбына келтирилди.

Учурда жолдун жээгинде калган сел калдыктарын тазалоо жана жолду кеңейтүү иштери уланууда. Кырдаал тиешелүү жол кызматтарынын туруктуу көзөмөлүндө турат.