Ведомствонун маалыматына ылайык, рейддер Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүндө, Токтогул, Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарында жүргүзүлдү.

Экологияга келтирилген зыян үчүн жалпы 948 миң сомдон ашык доо коюлуп, мыйзам бузгандарга 320 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Министрлик суу экосистемасын сактоо жана браконьерликке каршы күрөшүү боюнча рейддик иш-чараларды өлкө аймагында үзгүлтүксүз улантарын эскертет.