Маалыматка ылайык, аталган ири маданий иш-чара ШКУнун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына жана Кыргызстандын уюмга төрагалык кылуусуна арналат.

Фестивалга ШКУга мүчө сегиз мамлекеттин расмий делегациялары, киноиндустрия өкүлдөрү жана тармактык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Программага ШКУ өлкөлөрүнүн улуттук кинематографиясынын өнүгүүсүн чагылдырган көркөм тасмалар, 2025—2026-жылдардагы кинотасмалардын панорамасы жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү кинооператор-коюучу Кадыржан Кыдыралиевдин чыгармачылыгына арналган ретроспективдүү көрсөтүүлөр киргизилет.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында кино тармагындагы кызматташтык, биргелешкен кино өндүрүшү жана тажрыйба алмашуу маселелерине арналган эл аралык тегерек стол уюштурулат. Фестивалдын жеңүүчүлөрү эл аралык калыстар тобу тарабынан аныкталып, жабылуу аземи сыйлоо аземи жана гала-концерт менен жыйынтыкталат.