Маалыматка ылайык, бул медалдар Кыргызстандын аталган абройлуу эл аралык олимпиадага катышуу тарыхындагы алгачкы сыйлыктар болуп калды.

Интеллектуалдык мелдешке барган улуттук курама команданын бардык төрт мүчөсү тең байгелүү орундарды камсыздашты.

Марсель Касымов – "Маариф" билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу;

Нурбол Мырзабеков – "Маариф" билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу;

Умар Туташбаев – "Газпром Кыргызстан" мектебинин 10-классынын окуучусу;

Истеми Тазабеков – "Сейтек-СТЕМ" мектебинин 9-классынын окуучусу.

Курама команданы олимпиадага машыктыруучулар Андрей Сидоренко, Тургунбек Өмүрканов, Салижан Кылычбеков жана Дүйшөн Сатыбалдиев даярдашкан.