Машыгуу 11-августтан 17-августка чейин «Эдельвейс» полигонунда өттү. Ага эки өлкөнүн 500гө жакын аскер кызматчысы катышты.

Машыгууга 100гө чейин курал-жарак жана аскердик техника, күчөтүлгөн FPV-дрондор, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын армиялык авиациясы тартылды. Активдүү фаза учурунда бөлүктөр практикалык окуу-жүртүш милдеттерин аткарып, өз ара аракеттенүүнү жана бөлүктөрдү башкарууну, ошондой эле ар кандай шарттарда курал-жаракты жана аскердик техниканы колдонууну иштеп чыгышты.

Машыгуунун жыйынтыгы боюнча командование аскер кызматчыларынын даярдык деңгээлин жана эки өлкөнүн контингенттеринин өз ара аракеттенүүсүн белгиледи. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, «Борбор-2026» машыгуусунун коюлган милдеттери толугу менен аткарылды.

Көзгө көрүнгөн аскер кызматчылары медалдар жана баалуу белектер менен сыйланышты.