Жолугушуунун жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы жаңы жетекчинин жана көзөмөл органынын кызматкерлеринин алдына бир катар негизги милдеттерди койду. Ал мыйзамдуулуктун так сакталышын камсыз кылууга, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө жана жарандардын прокуратура органдарына болгон ишенимин арттырууга чакырды.

Соңунда Адылбек Касымалиев Малик Бектургановго мамлекеттик маанилүү кызматында ийгиликтерди каалап, прокуратура органдарынын кызматкерлери өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так, кесипкөй жана кынтыксыз аткараарына ишенимин билдирди.