Ага ылайык, абитуриенттердин 55,4 пайызы (38,5 миң адам) тестти кыргыз тилинде, ал эми 44,6 пайызы (31 миңге жакыны) орус тилинде тапшырышты.

Предметтик тесттер боюнча катышуучулардын саны:

кыргыз тили жана адабияты — 5 миң 796;

орус тили жана адабияты — 4 миң 980.

2026-жылдан тарта ЖРТнын жыйынтыгы жогорку окуу жайларга гана эмес, колледждерге кирүү үчүн да милдеттүү болуп калды.

Жогорку окуу жайларына кабыл алуу кампаниясы 13-июлда башталат.