Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Үч-Эмчек айылында жайгашкан бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү болгон жер тилкеси 1992-жылы мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында 20 млн сомго бааланган жогоруда аталган бала бакчанын имараты жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды.