Издөө-куткаруу иштери аяктады. Окуянын башка чоо-жайы такталууда.
Эскерте кетсек, 23-июнда Кегети капчыгайында эки үй-бүлө бар унаа дарыяга кулап кеткен. ӨКМдин маалыматы боюнча, унаада эки аял жана беш бала болгон. Аялдар жана үч бала сыртка чыгууга үлгүрүшкөн, бирок 12 жашар кыз менен 6 жашар баланы суу агызып кеткен. Кыздын сөөгү буга чейин табылган болчу.
Источник: 24.kg