Фото Президенттин басма сөз кызматы. Садыр Жапаров Түркия парламентинин депутаты Күршад Зорлуну кабыл алды. Эмнелер талкууланды?

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Түркия менен ишенимдүү өнөктөштүктү бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурарын жана достук жана боордоштуктун негизинде түзүлгөн мамлекеттер аралык мамилелерибизди жогору баалай турганын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Жогорку Кеңеш менен Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын ортосундагы мамилелер ырааттуу түрдө өнүгүп жатканын айтты.

Өз кезегинде Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Куршад Зорлу жылуу кабыл алганы үчүн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, президент Режеп Тайып Эрдогандын саламын жеткирди. Ал көп жылдардан бери Кыргызстандын өнүгүүсүн кылдаттык менен көзөмөлдөп келе жатканын жана кыргыз-түрк мамилелеринин бекемделишин канааттануу менен байкап жатканын айтты.

Күршад Зорлу акыркы жылдары боордош эки өлкөнүн кызматташтыгы толук кандуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткенин, бул ар кандай тармактарда өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкандыгын баса белгиледи.

Ал соода-экономикалык байланыштардын оң динамикасын белгилеп, эки мамлекеттин жетекчилигинин биргелешкен аракеттеринин аркасында учурда болжол менен 1,6 млрд АКШ долларына жеткен өз ара сооданын көлөмү келечекте 5 млрд долларга чейин көбөйүшү мүмкүн экендигине ишеним билдирди.

Ошондой эле ал Кыргызстанды 2027—2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады.