Маалыматка ылайык, жыйында аскер кызматкерлеринин арасындагы моралдык-психологиялык абалды жакшыртуу жана аскердик дисциплинаны бекемдөө маселелери талкууланды.

Адилет Орозбеков командирлер бөлүктөрдөгү психологиялык кырдаалды жеке көзөмөлдөп, чыр-чатак, кысым же башка көйгөйлөр белгилери байкалса дароо чара көрүүгө милдеттүү экенин белгиледи.

Ал ошондой эле мындай фактыларды жашыруу же текшерүүлөргө формалдуу мамиле кылуу кызматтык тартипти одоно бузуу катары караларын айтты.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга аскер кызматкерлеринин арасындагы уставдан тышкаркы мамилелерди жоюуга багытталган ыкчам чараларды көрүү тапшырылды.