- Мыктыбек Абдылдаев скончался 8 июня в возрасте 72 лет
- Прощание состоится 10 июня в 10:00 в Кыргызском национальном академическом драматическом театре имени Токтоболота Абдумомунова
- Он занимал должности Генерального прокурора, министра внутренних дел, руководителя администрации президента, был депутатом Жогорку Кенеша и спикером парламента
- После событий октября 2020 года был избран спикером Жогорку Кенеша
- В последние годы возглавлял секретариат Народного Курултая
Маркумдун кесиптештеринин билдирүүсү боюнча, коштошуу зыйнаты эртең, саат 10:00до Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.
Мыктыбек Абдылдаев 8-июнда 72 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал кыргыз саясатында жана мамлекеттик башкаруу тутумунда көрүнүктүү инсандардын бири болгон. Ар кайсы жылдары Башкы прокурор, Ички иштер министри, Президенттин администрациясынын жетекчиси кызматтарын аркалап, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Фото ИИМден. Коштошуу зыйнаты эртең,10-июнда өтөт
2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланып, саясий кризис учурунда бир нече күн парламентти жетектеген.
Акыркы жылдары Элдик Курултайдын катчылыгын жетектеп келген.
Көп жылдык мамлекеттик кызматы үчүн Мыктыбек Абдылдаевге отставкадагы милициянын генерал-лейтенанты наамы берилген. Кесиптештери анын Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу тутумун жана ички иштер органдарын өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгилешет.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий