Жер титирөөнүн очогу Минданао аралынын жээгинде, Генерал-Сантос шаарына жакын жерде болгон. Негизги силкинүүдөн кийин көптөгөн афтершоктор катталып, алардын биринин күчү 6,7 баллга жеткен.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, курман болгондордин көбү имараттардын урашы жана жер көчкүдөн улам каза болушкан. 200дөн ашык адам ар кандай жаракаттарды алды. Айрым аймактарда турак үйлөр, мектептер, жолдор жана инфраструктуралык объекттер зыян тарткан.

Жер титирөөдөн кийин Филиппиндин жээктеги аймактары жана коңшу мамлекеттер үчүн цунами коркунучу жарыяланган. Кийинчерээк бул эскертүү алынып салынды.

Филиппиндин Президенти Фердинанд Ромуальдес Маркос жабыркаган аймактарда окууларды убактылуу токтотууну жана табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн кошумча күчтөрдү жөнөтүүнү буйруду. Куткаруучулар урандыларды тазалоо жана мүмкүн болгон жабырлануучуларды издөө иштерин улантышууда.