Атайын кызматтан билдиришкендей, коррупцияга каршы аракеттенүү иш-чараларынын жүрүшүндө «Кара-Балта мэриясына караштуу Жол-курулуш башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын директору Э.М.У. шаардын вице-мэри К.А.У. менен тил табышып, жеке жактарга кум-шагыл аралашмасын жана битум асфальтын мыйзамсыз сатууну уюштурганы аныкталган.

Алар курулуш материалдары муниципалдык ишкананын жана жергиликтүү бюджеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүү менен сатылып келген. Атайын кызмат кызматтык адамдардын бул аракеттери муниципалдык менчикке жана шаардын каржылык кызыкчылыктарына зыян келтирди деп эсептейт.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен муниципалдык ишкананын директору жана Кара-Балта шаарынын вице-мэри кармалды. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана бул коррупциялык схемага катышы бар болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча