Маалыматка ылайык, 24-май күнү кечинде белгисиз адам Амир-Тимур көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайга кирип барып, 1992-жылы туулган М.Х. аттуу кызматкерге бычак менен кол салган. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген, бирок операция учурунда каза болгон.

Фото Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары 1988-жылы туулган Т.Н. кармалды. Ал кармоо учурунда өзүнө кол салууга аракет кылган, бирок милиция кызматкерлери аны токтотуп калышкан.

Окуя болгон жердеги видеокөзөмөл камералары шектүүнүн беткап жана кепка кийип кирип, жабырлануучуга бычак менен бир нече жолу сокку урганын, андан кийин акча алып чыгып кеткенин көрсөткөн.

Кол салууну токтотууга аракет кылган дагы бир жаран колунан жаракат алган.

Учурда адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат