- VI международный детский фольклорный фестиваль «Наристе» пройдет с 29 мая по 8 июня в Бишкеке и на Иссык-Куле.
- Участники из Кыргызстана, Беларуси, Казахстана, Южной Кореи, Турции, Узбекистана, Монголии, Румынии и России.
- Торжественное открытие 31 мая в Бишкеке, 1 июня состоится III Бишкекский культурный форум и праздничный концерт на площади Ала-Тоо.
- В программе посещение природного парка «Ала-Арча» и проведение «Уроков мира» в школах.
- Закрытие фестиваля пройдет на Иссык-Куле.
Маалыматка ылайык, «Наристе» фестивалы дүйнө жүзүндөгү балдарды жана жаштарды достук, чыгармачылык, маданияттар аралык диалогду чыңдоо жана элдердин бай фольклордук мурасын сактоого багытталган эл аралык маданий платформа болуп саналат.
Фестивалга Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Түштүк Корея, Түркия, Өзбекстан, Монголия жана Румыниядан келген аткаруучу топтор, ошондой эле Россиянын өкүлдөрү катышат.
Иш-чаранын салтанаттуу ачылышы 31-майда Бишкекте өтөт. 1-июнда фестивалдын алкагында III Бишкек маданият форуму уюштурулат.
Ошол эле күнү саат 17:00дө Ала-Тоо аянтында Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган фестивалдын катышуучуларынын жана борбор калаанын чыгармачыл топторунун катышуусундагы майрамдык концерт болот.
Маданий программанын алкагында фестивалдын катышуучулары «Ала-Арча» жаратылыш паркына да барат жана борбор калаадагы мектептерде «Дүйнө сабактары» өткөрүлөт.
Фестивалдын салтанаттуу жабылышы Ысык-Көлдө болот.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий