Фестивалга Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Түштүк Корея, Түркия, Өзбекстан, Монголия жана Румыниядан келген аткаруучу топтор, ошондой эле Россиянын өкүлдөрү катышат.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылышы 31-майда Бишкекте өтөт. 1-июнда фестивалдын алкагында III Бишкек маданият форуму уюштурулат.

Ошол эле күнү саат 17:00дө Ала-Тоо аянтында Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган фестивалдын катышуучуларынын жана борбор калаанын чыгармачыл топторунун катышуусундагы майрамдык концерт болот.

Маданий программанын алкагында фестивалдын катышуучулары «Ала-Арча» жаратылыш паркына да барат жана борбор калаадагы мектептерде «Дүйнө сабактары» өткөрүлөт.

Фестивалдын салтанаттуу жабылышы Ысык-Көлдө болот.