Автотранспортту техникалык жактан тейлөө жана оңдоо кызматтары да өсүштө: алардын көлөмү 14,1 пайызга көбөйүп, 5 миллиард 170,7 миллион сомду түздү.
Ошол эле учурда 2026-жылдын январь — июль айларында дүң сооданын жүгүртүүсү 547 миллиард 148,9 миллион сомго жетти. Бирок реалдуу туюнтмада өткөн жылдын жети айына салыштырмалуу 4,7 пайызга кыскарган.
2026-жылдын июль айында дүң сооданын көлөмү 2025-жылдын июлуна салыштырмалуу 15,8 пайызга төмөндөгөн.
Өлкөдөгү дүң жана чекене сооданын, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун жалпы жүгүртүүсү 1 триллион 149 миллиард 555,8 миллион сомдон ашып, жалпы 4 пайыздык өсүштү көрсөттү.
Коммерциялык активдүүлүктүн негизги үлүшү адаттагыдай эле Бишкек шаарына туура келди — жалпы көлөмдүн 60,6 пайызы (696 миллиард 376,1 миллион сом).
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий