Табылган канаттуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлоруна өткөрүлүп берилген.

Дал ошол эле күнү канаттуу Ноокат райондук ветеринария башкармалыгына жеткирилип, ветеринардык кароодон өткөрүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында кумай кушунун саламаттыгы канааттандырарлык экени жана жугуштуу оорулардын белгилери жоктугу аныкталган.

Ветеринардык кароодон кийин сейрек кездешүүчү канаттуу кайрадан коопсуз жана жагымдуу табигый чөйрөсүнө кое берилди.