Ведомстводон белгилешкендей, эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстанга 90 миңден ашык этникалык кыргыз көчүп келген, алардын 70 миңге жакыны өлкө жарандыгын алышкан.

Кайрылман статусун курамына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү кирген атайын мекемелер аралык комиссия берет. Арыздарды кароо мөөнөтү — үч ай.

Жети айда кайрылман статусун төмөнкү өлкөлөрдөн келген этникалык кыргыздар алышты:

Мыйзам боюнча кайрылмандарга республиканын жарандарына дээрлик теңдештирилген социалдык кепилдиктер жана жеңилдиктер берилет. Бул статуска ээ болгондор Кыргызстандын аймагында социалдык жөлөкпулдарды, пенсияларды, медициналык-санитардык жардамды, билим алууга жана жумушка орношууга укуктуу.

Кайрылман күбөлүгү үч жылга берилет. Бул убакыттын ичинде статус ээлери жарандыкка кабыл алуу тууралуу арыз менен кайрылышы керек.