Маалыматка ылайык, суу эки үйдүн жер төлөсүнө кирген. Ал эми дагы беш үйдүн короосу сел калдыктарына толгон. Учурда жеринде кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Бир атайын техника тартылып, 12 куткаруучу жана жарандык коргонуу кызматтарынын 8 кызматкери иштеп жатат.
Эске салсак, бүгүн түнү ал жерде сел жүргөн, буга чейин ӨКМ нөшөрлөп жааган жамгыр тууралуу эскерткен болчу.