Карта төмөнкү эки топтомдо чыгарылат:

Visa Gold Nomad Pack — сериянын коллекциялык версиясы долбоордун негизги элементтерин камтыган, фирмалык стилде жасалган элеганттуу евро-конвертке жайгаштырылган.

эксклюзивдүү дизайндагы лимиттелген банк картасы;

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тарыхына, салт-санаасына жана маданий мурасына арналган автордук китеп;

Сезим Жуманазарованын кол тамгасы коюлган коллекциялык постер.

кийинки жылдардагы тейлөө — акысыз.

Visa Gold Limited Pack — Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган лимиттелген сериядагы карталардын ээлери үчүн атайын даярдалган эксклюзивдүү коллекциялык топтом. Топтомдун ар бир элементи Кыргызстандын бай маданий мурасын чагылдырып, коллекцияны өзгөчө жана кайталангыс кылат.

Limited Pack топтомуна төмөнкүлөр кирет:

лимиттелген сериянын символикасы түшүрүлгөн коллекциялык магнит;

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коллекциялык монетасы;

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган автордук китеп;

Сезим Жуманазарованын кол тамгасы коюлган эксклюзивдүү постер.

Картаны алдын ала заказ кылуу ABankтын расмий сайтында жеткиликтүү. Карталардын саны болсо чектелүү.

Бул сериянын чыгарылышы ABankтын Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасын сактоого, улуттук баалуулуктарды жайылтууга жана заманбап банктык кызматтарды улуттук өзгөчөлүктөр менен айкалыштырып өнүктүрүүгө багытталган ишмердүүлүгүн чагылдырат.