Жайыттар азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда, мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө жана экологиялык тең салмактуулукту сактоодо маанилүү роль ойнойт. Автоунаа, мотоцикл жана квадроциклдердин жашыл өсүмдүк катмарын тебелеп өтүүсү жайыттардын деградациясына, топурактын бузулушуна жана экосистемага зыян келтирет.

Буга байланыштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жайыттарды аяр пайдаланууга, жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын сактоого чакырат.