Борбор калаада 2,5 миң орун бош турат.

2026/2027-окуу жылына карата республика боюнча квоталардын жалпы саны — 193,3 миңди түзөт. Дагы 69,6 миң орун бош.

Эске салсак, биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Биринчи этап микроучасток боюнча жүргүзүлгөн, учурда каттоодон өткөн жери боюнча эмес, бош орундары калган мектептерге гана катталууга болот. Каттоо августта аяктайт. Биринчи класска 2019 жана 2020-жылы туулган балдар кабыл алынат.