- В 2026 году в Кыргызстане планируется снять около десяти сериалов.
- Сериалы снимаются с 2024 года, в 2025 году снято около шести сериалов.
- Бюджет сериала «Дарыгер» составил около 30 миллионов сомов.
- Планируется снять 5-7 телеспектаклей для зрителей за пределами Бишкека и Оша.
- Бюджет одного телеспектакля составляет от 500 тысяч до 1 миллиона сомов.
Анын айтымында, республикада сериалдар 2024-жылдан бери тартылып келет. 2025-жылы алтыга чукул сериал тартылган. Аларды өндүрүүгө бюджеттен сериялардын санына, костюмдарга жана жасалгаларга жараша ар кандай көлөмдөгү каражат бөлүнөт. Мисалы, «Дарыгер» сериалына 30 миллион сомго жакын каражат сарпталган.
Сериалдар негизинен кыргыз тилинде тартылат, бирок орус тилиндеги субтитрлер да каралган.
«Мындан тышкары, биз телеспектаклдерди чыгарууну кайрадан жандандырдык. Бул жылы ата мекендик көрүүчүлөрдүн суроо-талабына ээ болгон 5-7 телеспектакль тартууну көздөп жатабыз. Биздин максат — Бишкек менен Оштон сырткары жерлердеги көрүүчүлөр да ушундай эмгектерди телекөрсөтүүдөн көрө алышы керек. Мектепке чейинки курактагы балдар үчүн да телеспектаклдерди тартабыз, бирок ал Куурчак театры оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин болот», — деди Мирбек Мамбеталиев.
Бир телеспектаклдин бюджети 500 миң сомдон 1 миллион сомго чейинки сумманы түзөт.
Бүгүн Маданият министри Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрына барды. Анын айтымында, өткөн жылы бул жерде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, ага 78 миллион сом бөлүнгөн. Грим бөлмөлөрү, жуунуучу жайлар жана башка бөлмөлөр оңдолгон
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий