Маалыматка ылайык, олимпиадага катышкан беш окуучунун баары сыйлыкка ээ болду. Темирхан Салиев күмүш медаль жеңип алып, Кыргызстанга акыркы 19 жылдагы алгачкы күмүш байгени тартуулады. Ошондой эле Аскар Абдиев, Айтегин Эмилбеков жана Ахмед Абылаев коло медаль тагынса, Нурбол Мырзабеков Ардак грамота менен сыйланды.

Фото Агартуу министрлиги. Кыргыз окуучулары Колумбияда өткөн физика олимпиадасында байгелүү орун алышты

Мындан улам Кыргызстандын эл аралык физика олимпиадаларындагы жалпы көрсөткүчү 3 күмүш, 17 коло медаль жана 27 ардак грамотага жетти.