«The Athletic» басылмасы АКШ, Мексика жана Канадада өтүп жаткан 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын тайпалык баскычы аяктагандан кийин «Алтын топ-2026» сыйлыгына негизги талапкерлердин рейтингин жаңылады.

Эксперттердин пикири боюнча, Аргентина курама командасынын капитаны Лионель Месси дүйнөлүк футболдогу эң абройлуу жеке сыйлыкты алууга башкы фаворит деп эсептелүүдө.

Месси 2026-жылдагы дүйнө чемпионатын ишенимдүү өткөрүп жатат жана алты гол менен турнирдин бомбардирлер жарышынын сап башында турат. Мындан тышкары, ал утуп алган «Алтын топтордун» саны боюнча рекордсмен болуп саналат — анын коллекциясында буга чейин сегиз сыйлык бар.

«Алтын топ-2026» сыйлыгына башкы он фавориттин тизмеси төмөнкүдөй:

Лионель Месси («Интер Майами», Аргентина);

Килиан Мбаппе («Реал» Мадрид, Франция);

Винисиус Жуниор («Реал» Мадрид, Бразилия);

Ламин Ямаль («Барселона», Испания);

Эрлинг Холанд («Манчестер Сити», Норвегия);

Талапкерлердин акыркы чөйрөсү эл аралык сезон аяктагандан кийин аныкталат. Мунун акыркы чекити 19-июлда боло турган 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын финалдык беттеши болот. Дал ушул дүйнөлүк биринчиликтин плей-офф баскычындагы көрсөткүчтөр абройлуу сыйлыктын ээсин тандоодо негизги таасирин тийгизиши мүмкүн.

Тарыхта биринчи жолу «Алтын топту» тапшыруу аземи Парижде эмес, Лондондо өтөт. Жеңүүчү 2026-жылдын 26-октябрында жарыяланат.

Эске сала кетсек, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча «Алтын топтун» ээси «Пари Сен-Жермен» клубунун жана Франция курама командасынын чабуулчусу Усман Дембеле болгон.