Бүгүн, 30-июнда Бишкектин бир бөлүгүндө суу убактылуу өчөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн саат 09:00дөн 00:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймакта суу болбойт:

Ибраимов көчөсү — Чүй проспекти — Т. Айтматов көчөсү — Жибек жолу проспекти — Осмонкул көчөсү — Фрунзе көчөсү — Сүйүмбаев көчөсү — Фрунзе көчөсү.

"Бул чаралар оңдоо иштерине байланыштуу",— деп айтылат маалыматта.