Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган унаа жолдун Садырбаев көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү реконструкцияланат.

Өзгөртүүлөр төмөнкү автобус каттамдарына тиешелүү: № 1, № 8, № 33, № 55, № 56 жана № 103.

Реконструкция иштери аяктаганга чейин автобустар жакын жайгашкан альтернативдүү көчөлөр аркылуу каттап, жүргүнчүлөрдү тейлөөнү улантаары айтылды.