- Пять вузов Кыргызстана вошли в топ-1500 QS World University Rankings 2027
- Американский университет в Центральной Азии занял позицию 801-850
- Кыргызско-Российский Славянский университет поднялся на группу 901-950
- Кыргызско-Турецкий университет Манас в группе 1001-1200
- Кыргызский национальный университет им. Жусупа Баласагына и Кыргызский государственный технический университет им. Исхака Раззакова также в рейтинге
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын арасынан рейтингдин сап башын Борбордук Азиядагы Америка университети (БААУ ) ээледи (801—850-орундардагы топ).
Экинчи орунга Кыргыз-Орус Славян университети (КРСУ) жайгашты (901-950-топ). Жаңы рейтингдин жыйынтыгы боюнча, КРСУ өткөн жылга салыштырмалуу дароо бир топко жогорулады — былтыр университет 1001—1200-орундардын диапазонунда болчу.
Алдыңкы үчилтикти Кыргыз-Түрк «Манас» университети жыйынтыктайт (1001—1200-топ).
Ошондой эле алдыңкы бештикке Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (1201—1400-топ) жана Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (1401+) кирди.
QS World University Rankings — дүйнөдөгү эң таасирдүү университеттердин рейтингдеринин бири. Аны түзүүдө окуу жайдын академиялык аброю, бүтүрүүчүлөрдүн жумуш берүүчүлөр арасындагы суроо-талапка ээ болуусу, илимий-изилдөө ишмердүүлүгү, интернационалдаштыруу деңгээли, илимий эмгектердин цитаталануусу (шилтеме берүү), эл аралык кызматташтык жана туруктуу өнүгүү көрсөткүчтөрү эске алынат.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий