- Президент Кыргызстана Садыр Жапаров встретил президента Албании Байрама Бегая в Чолпон-Ате.
- Церемония прошла в культурном центре «Рух-Ордо» с поднятием флагов и почетным караулом.
- Лидеры обменялись приветствиями, прозвучали гимны двух стран.
- После церемонии президенты направились в Конгресс-холл для переговоров.
Салтанаттуу иш-чара «Рух-Ордо» маданий борборунда уюштурулду. Аянтка эки өлкөнүн мамлекеттик желектери көтөрүлүп, Ардак кароол тизилип, ошондой эле 40 этно-жоокер турушту.
Мамлекет башчылары өз ара саламдашкандан кийин Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты. Андан соң Кыргызстан менен Албаниянын мамлекеттик гимндери жаңырды.
Эки өлкөнүн лидерлери тизилип турган аскерлердин алдынан басып өтүштү. Байрам Бегай аскер кызматкерлерине «Салам, аскер!» деп учурушты.
Андан кийин президенттер расмий делегациялардын мүчөлөрүн бири-бирине тааныштырышты. Тосуп алуу аземи Садыр Жапаров менен Байрам Бегайдын № 2 мамлекеттик резиденциясынын Конгресс-холлуна өтүшү менен аяктады. Ал жерде биргелешип сүрөткө түшүү аземи болуп, сүйлөшүүлөр башталды.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий