Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан берилген тизмеге ылайык, сертификаттын ээлери төмөнкүлөр болду:

Эң жогорку упайды Нарын облусундагы Жүндүбаев атындагы мектептин окуучусу жана Баткен облусундагы мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү (ар бири 239 упайдан) топтошкон. Алтын сертификаттын калган ээлери 236дан 230га чейин упай алышкан.