Фото Агартуу министрлиги. Кыргызстандык окуучу эл аралык физика боюнча олимпиадада коло медаль жеңди

Мындан тышкары, аталган олимпиадага катышкан «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу Айтегин Эмилбеков Ардак грамотага татыктуу болду.

Белгилей кетсек, олимпиада 12-16-июнда Швециянын Гётеборг шаарында өттү. Бул абройлуу мелдешке дүйнөнүн 41 өлкөсүнөн 199 эң мыкты окуучу катышып, теориялык жана эксперименталдык татаал тапшырмаларды аткарышкан.