- В Кыргызстане 4470 мечетей, из них 3673 работают законно, остальные незаконно.
- Депутат Уланбек Жаанбаев предложил упорядочить деятельность мечетей.
- Некоторые мечети построены без проектно-сметной документации.
- В некоторых селах насчитывается 4-5 мечетей.
- Незаконные мечети платят за электроэнергию по коммерческому тарифу, законные - по льготному.
Анын айтымында, өлкөдө 4 миң 470 мечит бар.
«Алардын ичинен 3 миң 673 мечит мыйзамдуу негизде иштейт, ал эми калгандары, иш жүзүндө мыйзамсыз болуп саналат. Өз убагында айрым жарандар долбоордук-сметалык документтери жок эле мечит курууга жер тилкелерин берип жиберишкен, натыйжада бүгүнкү күндө кээ бир айылдарда 4-5тен мечит бар. Айрымдарынын астындагы жер ушул күнгө чейин мыйзамдаштырыла элек, себеби кээ бир мечиттер муфтияттын талаптарына жооп бербейт.
Документтерди тартипке келтирүү зарыл. Тактап айтканда, мыйзамсыз иштеп жаткан мечиттерге жана медреселерге өз ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырууга көмөктөшүү керек. Ошондой эле мындан ары жаңы мечиттер талаптарга ылайык курулушун көзөмөлгө алуу зарыл», — деп кошту Уланбек Жаанбаев.
Ал ошондой эле бүгүнкү күндө мыйзамдуу иштеген мечиттер электр энергиясына 2,6 сомдон, ал эми мыйзамсыз иштегендери коммерциялык тариф менен төлөп жатышканын белгиледи.
«Бардык мечиттер бирдиктүү тариф менен төлөшү үчүн мыйзамсыз мечиттерди мыйзамдаштыруу маселесин чечүү керек», — деди эл өкүлү.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий