Жерге берүү алдында Кыргыз драма театрында коштошуу зыйнаты өттү. Маркум менен коштошууга Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы чакырылыштарынын депутаттары, саясий чөйрө, маданият, илим, бизнестин өкүлдөрү, туугандары жана жакындары келишти.

Мыктыбек Абдылдаев 73 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал ар кайсы жылдары өлкөнүн башкы прокурору, ички иштер министри, Президенттин администрациясынын жетекчиси болуп эмгектенген. Ошондой эле Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты болгон.