Текшерүүнүн жүрүшүндө кургатылган эндик тамырынын жалпы салмагы 54 килограмм 650 граммды түзгөнү аныкталган.

Фото Жаратылыш ресурстары министрлиги. Эндик өсүмдүгү

Мыйзам талаптарына ылайык, мыйзамсыз чогултулган өсүмдүк чийки заты толугу менен конфискацияланып, ал эми жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Белгилей кетсек, эндик өлкөнүн сейрек кездешүүчү жана баалуу жаратылыш ресурстарынын катарына кирет. Аны чогултууга өлкөдө мораторий колдонулат, ал эми бул өсүмдүктү мыйзамсыз казуу же даярдоо мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келет.

Эндик дарылык касиетке ээ. Анын тамыры элдик медицинада да, салттуу медицинада да колдонулат. Эндик тоо экосистемаларында экологиялык тең салмактуулукту сактоого көмөктөшөт жана кыртыштын эрозияга учурашынын алдын алууга жардам берет.