- 95% детей в Кыргызстане страдают от кариеса
- Депутат Дастан Бекешев сообщил об этом на заседании Жогорку Кеңеша 3 июня
- Причина — неправильное питание, добавление сахара в компоты, чай, сладкую выпечку и даже каши
- Детям до 12 лет нельзя давать чай, так как это вызывает железодефицитную анемию
- Бекешев призвал изменить меню в детских садах и школах
Анын айтымында, бул Саламаттык сактоо министрлигинин абдан өкүнүчтүү статистикасы.
«Туура эмес тамактануу бала бакчадан жана мектептен баштап калыптанат. Дене ошол жерлердеги бардык тамак-аш түрүнө — компот, чай, таттуу токоч, атүгүл ботколорго да кант кошушат. 12 жашка чейинки балдарга такыр чай берүүгө болбойт, анткени ал темир жетишсиздик анемиясына алып келет. Ал эми биз аны балдарга дагы кант кошуп берип жатабыз. Тиш көйгөйлөрү башка бир катар ооруларды пайда кылат. Чоңдордун да көбүнүн оозунан жагымсыз жыт чыгат. Бул дагы көптөгөн оорулардын көрсөткүчү», — деп белгиледи Дастан Бекешев.
Ал ыйгарым укуктуу органдарды бул олуттуу көйгөйгө көңүл бурууга чакырды. Ошондой эле бала бакчалар менен мектептердеги тамак-аш тизмесин өзгөртүү демилгеси боюнча Агартуу министрлигинин жетекчисине кайрылганын кошумчалады.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий