Фото Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы. Кыргызстандын беш ЖОЖуна 19,5 миллион доллар бөлүндү

Каржылоо төмөнкү жогорку окуу жайларга бөлүндү:

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине — 3,2 млн доллар;

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине — 4,2 млн доллар;

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына — 4,325 млн доллар;

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине — 3,826 млн доллар;

Ош мамлекеттик университетине — 4 млн доллар.

Долбоордун алкагында ар бир университетте өз багыты боюнча изилдөө жана инновациялык борборлор түзүлөт. Алар суу жана экологиялык коопсуздук, азык-түлүк жана биологиялык коопсуздук, биомедициналык изилдөөлөр, жасалма интеллект жана киберкоопсуздук, ошондой эле онкологиялык ооруларды алдын алуу багыттарында иш алып барат.

Министр Гүлзат Исаматованын айтымында, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мамлекеттик университеттердин илимий инфраструктурасын өнүктүрүүгө түздөн-түз 19,5 миллион доллардан ашык инвестиция бөлүнүп жатат. Ал бул каражат өлкөнүн илимий-технологиялык келечегине жасалган стратегиялык салым экенин белгиледи.